Бишкек, 23.09.26. /Кабар/. Ош шаарындагы А.Масалиев көчөсүнүн 58-дарегинде жаңы балдар аянтчасы пайдаланууга берилди.
Муниципалитеттен билдиришкендей, аталган аймактын тургундары буга чейин балдар үчүн аянтча жок экенин айтып, шаар мэриясына кайрылышкан.
Бүгүн алардын өтүнүчү эске алынып, жаңы аянтча пайдаланууга берилди. Анда балдар үчүн оюн зонасы түзүлүп, мындан тышкары футбол аянтчасы да каралган.