Баткенде жеке менчикке өтүп кеткен балдар аянтчасы мамлекетке кайтарылды

Аймак 13 февраль 2025 16:23
Баткенде жеке менчикке өтүп кеткен балдар аянтчасы мамлекетке кайтарылды

Бишкек, 13.02.25. /Кабар/. Баткенде жеке менчикке өтүп кеткен балдар аянтчасы мамлекетке кайтарылды. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, Жерди жана сууну көзөмөлдөө кызматы Кара-Бак айыл өкмөтү тарабынан муниципиалдык менчиктеги балдар ойноочу 0,15 га жер аянтын Баткен районундагы Кызыл-Бел айылынын жашоочусуна мыйзамсыз токтом менен жеке менчик турак жай куруу үчүн бергендигин аныктаган. 

Текшерүүнүн жыйынтыгында мыйзамсыз берилип кеткен жер Кара-Бак айыл өкмөтүнүн муниципиалдык менчигине өткөрүлүп берилди.