Жети-Өгүздөн келген делегат ипотека, оорукана жана тоолуу аймак маселесин айтты

Элдик курултай Загрузка... 25 Декабрь 2025 10:55
WhatsApp Image 2025-12-25 at 10.02.02.jpeg
copyright icon Кабар

Бишкек, 25.12.25. /Кабар/. Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз айыл аймагынан келген IV Элдик курултайдын делегаты Жыргалбек Чериков УТРКнын түз эфиринде райондун тургундарын тынчсыздандырган эң актуалдуу маселелер тууралуу айтып берди.

Анын айтымында, артыкчылыктуу өтүнүчтөрдүн бири ипотекалык турак жайларды жана өз үйү жок жарандар үчүн үйлөрдү куруу болуп саналат.

"Экинчи өтүнүч - 75 орундуу стационардык оорукананы капиталдык оңдоп-түзөө жана аны заманбап медициналык жабдуулар менен жабдуу. Үчүнчү эң актуалдуу маселе - райондун жарымы гана тоолуу аймак категориясына кирет. Биз райондун калган бөлүгүн да ушул категорияга кошууну суранабыз", - деп белгиледи делегат.

Ошондой эле Чериков III Элдик курултайга катышканын айтып, мурдагы сунуштарды ишке ашыруудагы мамлекеттик органдардын ишин жогору баалады.

"Мурунку курултайда айтылган көптөгөн маселелер чечилди: Ырдыга-Кочкор жолу курулду, Ак-Кочкор айылында мектеп, Желе-Доо айылында бала бакча, фельдшердик-акушердик пункт жана мектеп курулду, учурда стадиондун курулушу жүрүп жатат”, - деди ал.