Бишкек, 25.11.26. /Кабар/. Б. Кыдыкеева атындагы Кыргыз мамлекеттик жаш көрүүчүлөр театры 15–16-декабрь күндөрү Ош шаарынын тургундарына жана конокторуна “Жамийла” жана “Письма-самолётики” спектаклдерин тартуулайт. Бул тууралуу мэриядан кабарлашты.
Анда белгиленгендей, спектаклдер кыргыз профессионал театрынын түптөлүшүнүн 100 жылдыгына жана 12-декабрь – залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун туулган күнүнө карата уюштурулуп жатат.
Чыгармалар күндүзгү жана кечки сеанстар менен С. Ибраимов атындагы Ош улуттук драма театрында коюлат.