Кыргыз драма театры декабрда кандай спектаклдерди тартуулайт?

Маданият
Кыргыз драма театры декабрда кандай спектаклдерди тартуулайт?
copyright icon WWW

Бишкек, 27.11.26. /Кабар/. Т. Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театры декабрь айындагы репертуарын тартуулайт.

Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигинин маалыматына ылайык, бул айда кыргыз театрынын 100 жылдык тарыхын уланткан 100-сезондун алкагында көрүүчүлөргө ар түрдүү жанрдагы спектаклдер тартууланат.

Алар төмөндөгү спектаклдер:

  • 1-декабрь — Т. Касымбеков, К. Сактанов "Курманжан датка" (тарыхый драма)
  • 2-декабрь — Т. Абдумомунов "Абийир кечирбейт" (драма)
  • 3-декабрь — М. Гапаров, Г. Гапарова "Былтыркы кар кайда?" (драма)
  • 4-декабрь — У. Баялиев "Чоң казат" (кино жомок)
  • 8-декабрь — Л. Богачева "Феншуй" (комедиялык трагедия)
  • 9-декабрь — В. Дельмар "Эртеңкиге ордуңду бошот" (драма)
  • 10-декабрь — Ф. Достоевский "Мармеладовдор" (трагифарс)
  • 11-декабрь — К. Иманалиев "Акыркы кат" (драма)
  • 12-декабрь — Ч. Айтматов "Саманчынын жолу" (драма)
  • 13-декабрь — Ф. Буляков "Бакбергендин балпайган бактысы" (трагикомедия)
  • 15-декабрь — Т. Габбе "Альмазордун шакектери" (жомок-гротеск)

Спектаклдер саат 18:30да башталат.