Ошто сотмедэксперт 100 миң сом пара менен кармалды

Укук тартиби 2234 08 Апрель 2025 17:11
489494462_1509256403366696_6324427611506533811_n.jpg
489270834_1509256410033362_5121269610180662372_n.jpg
489288923_1509256446700025_8562610318102683364_n.jpg
Алдыга
Артка
489494462_1509256403366696_6324427611506533811_n.jpg
489270834_1509256410033362_5121269610180662372_n.jpg
489288923_1509256446700025_8562610318102683364_n.jpg
Алдыга
Артка
copyright icon Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети

Бишкек, 08.04.25. /Кабар/. Ош облустук соттук-медициналык экспертиза борборунун кызматкери 100 миң сом пара алып жаткан жеринен кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.

Маалыматка караганда, Ош облустук соттук-медициналык экспертиза борборунун кызматкери Э.Ж.М. тарабынан каза болгон уулунун сөөгүн берүү процессин тездеткендиги үчүн Түркиянын жараны Ч.А.А.дан 100 миң сом өлчөмүндө акча каражатын опузалап талап кылуу фактысын аныктады.

Белгилей кетсек, 2025-жылдын 19-мартында Өзгөндө 1995-жылы туулган Түркиянын жараны Ч.А.С.нын сөөгү табылган. Ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө Өзгөн РИИБи тарабынан кылмышка шектүү катары 1992-жылы Өзбекстанда туулган Д.А. кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Ал эми дагы бир шектүү 1980-жылы туулган Д.М. издөөгө алынган.

2025-жылдын 1-апрелинде Ош облустук соттук-медициналык экспертиза борборунун имаратында мурда белгиленген акча каражатын алгандан кийин Э.Ж.М. кармалып, УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

"Медицина кызматкерлеринин мындай аракеттери мамлекеттер аралык мамилелерге доо кетирип, өлкөнүн аброюна терс таасирин тийгизүүдө",-деп айтылат маалыматта.