Ошто милицияга пара берүү фактысы боюнча кылмыш иши козголду

Укук тартиби 25 июнь 2025 17:08
511202028_1114552184027115_6080532496160821307_n.jpg
510807113_1114552180693782_7545602080572976545_n.jpg
512192558_1114552257360441_8411193584559880020_n.jpg
512659216_1114552177360449_4069624644715099083_n.jpg
Алдыга
Артка

copyright icon Ички иштер министрлиги

Бишкек, 25.06.25. /Кабар/. Ошто милиция кызматкерине пара берүү фактысы боюнча кылмыш иши козголду. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, 23-июнь күнү Р.И. аттуу жарандын бутуна бычак саюу фактысы боюнча козголгон кылмыш иши боюнча шектүү катары суралып жаткан И.И. аттуу жаран маселени оң жагына чечүү максатында милиция кызматкерине пара сунуштаган.

Аталган факты Тергөө кызматы тарабынан КР Кылмыш-жаза кодексинин "Пара берүү" беренеси менен кылмыш иши козголгон.

Ыкчам иш-чараларынын жүрүшүндө ИИМдин кызматкерлери тарабынан кызматтык бөлмөдө милиция кызматкерине 15 миң сом берип жаткан жеринен 1996-жылы туулган И.И. аттуу жаран кармалган.

Азыркы учурда шектүү Ош ШИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилген.