Бишкек, 08.10.26. /Кабар/. Ош шаарында коомдук коопсуздукту камсыз кылууга жана өзгөчө кырдаалдарга даярдыкты күчөтүүгө багытталган жаңы көп функционалдуу борбор ачылды. Бул тууралуу ӨКМ билдирди.
Ачылыш аземине өзгөчө кырдаалдар министри Канатбек Чыныбаев, Европа биримдигинин элчиси Реми Дюфло, Ага Хан Өнүктүрүү тармагынын өкүлү Баркат Фазал жана шаар мэриясынын өкүлдөрү катышты.
Жаңы борбордо өзгөчө кырдаалдар учурунда зарыл болгон материалдык запастарды сактоо, координациялык иштерди жүргүзүү жана жарандар үчүн убактылуу баш калкалоочу жай катары пайдалануу мүмкүнчүлүгү каралган. Ошондой эле жергиликтүү тургундар үчүн тренингдерди жана социалдык иш-чараларды өткөрүүгө шарт түзүлгөн.
Белгилкй кетсек, борбор Европа биримдиги каржылаган чек ара аймактарын өнүктүрүү демилгесинин (CDI) алкагында, Ага Хан фондунун “Тоолуу коомдорду өнүктүрүүнү колдоо программасы” (MSDSP) аркылуу ӨКМ жана жергиликтүү бийлик менен кызматташтыкта ишке ашырылды.