Ошто диний-экстремисттик уюмдун мүчөлөрү жашаган жерлерде тинтүү жүргүзүлдү

Укук тартиби 1118 01 Февраль 2025 15:54
WhatsApp Image 2025-02-01 at 11.15.37.jpeg
WhatsApp Image 2025-02-01 at 11.15.41 (2).jpeg
WhatsApp Image 2025-02-01 at 11.15.40 (2).jpeg
WhatsApp Image 2025-02-01 at 11.15.39 (2).jpeg
WhatsApp Image 2025-02-01 at 11.15.38.jpeg
WhatsApp Image 2025-02-01 at 11.15.38 (3).jpeg
Алдыга
Артка

copyright icon Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин басма сөз кызматы

Бишкек, 01.02.25. /Кабар/. Ош облусунда “Хизбут-Тахрир” диний-экстремисттик уюмдун активдүү мүчөлөрү жашаган 7 жерде тинтүү иштери жүргүзүлдү. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.

Тинтүү иштери атайын кызмат тарабынан Ош облустук ички иштер башкармалыгы менен биргеликте мурда козголгон кылмыш ишинин алкагында жүргүзүлдү.

Ыкчам-иликтөө иш-чараларынын натыйжасында тыюу салынган экстремисттик адабияттар жана буюмдар (88 китеп, 7 телефон, 13 дептер, 2 планшет, видеокассета жана банк картасы) табылган. Табылган буюмдар Юстиция министрлигине караштуу Мамлекеттик соттук-эксперттик кызматына дин таануу экспертизасына жөнөтүлдү.

Экспертизанын жыйынтыгы боюнча кылмыш ишинин катышуучуларына карата КР Кылмыш-жаза мыйзамдарына ылайык чаралар көрүлөт.