Ысык-Көл, 05.09.26. /Кабар/. Ош шаарында айыл чарба жарманкеси өтөт.
Мэриядан билдиришкендей, өндүрүүчүлөрүн колдоо, өндүрүлгөн продукцияларды түз сатууга шарт түзүү жана калкты сапаттуу, жаңы айыл чарба продукциялары менен камсыз кылуу максатында айыл чарба жарманкеси өткөрүлөт.
Жарманкеде жергиликтүү өндүрүүчүлөр тарабынан өндүрүлгөн эт жана эт азыктары, сүт жана сүт азыктары, жашылча-жемиштер, картошка, дан азыктары, бал, жумуртка жана башка айыл чарба продукциялары сунушталат.
Жарманке 2026-жылдын 5-сентябрынан 1-декабрына чейин, ар жуманын ишемби күндөрү өткөрүлөт.
Жарманке өтүүчү даректер:
- Н. Исанов көчөсүндө, болжол менен ”Народный“ маркетинин жанында;
- Б. Осмонов көчөсүндө, Ош шаардык борбордук базарынын ”Келечек“ соода борборунун мөмө-жемиш бөлүгүндө.
“Айыл чарба өндүрүүчүлөрүн жана жергиликтүү тургундарды жарманкеге активдүү катышууга чакырабыз”,–деп айтылат маалыматта.