Ошто 13,5 млн еврого Перинаталдык борбор курулууда

Ден соолук Жүктөлүүдө... 07 Август 2026 18:00
763107049_1067629505664417_5259533315229027086_n.jpg
764855195_1067629488997752_7272821108734906321_n.jpg
765849347_1067629502331084_1424803542909918469_n.jpg
765858063_1067629492331085_5244970520758022002_n.jpg
765958269_1067629498997751_6921334045642536881_n.jpg
Алдыга
Артка

copyright icon Саламаттык сактоо министрлиги

Бишкек, 07.08.26. /Кабар/. Ош шаарында эне-бала саламаттыгын коргоого багытталган жаңы Перинаталдык борбордун курулушу жүрүп жатат. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришти.

Долбоор Саламаттык сактоо министрлиги тарабынан Германиянын өнүктүрүү банкынын (KfW) 13,5 млн евро өлчөмүндөгү гранттык каражатынын эсебинен ишке ашырылууда.

Учурда Ош облустар аралык бириккен клиникалык ооруканасынын аймагындагы курулуш иштеринин даярдыгы 10 пайызды түзөт. Объектте күн сайын 30дан 70ке чейин адис иш алып барууда.

Жаңы борбор 249 орунга ылайыкталып, кош бойлуу аялдарга, төрөттөн өткөн энелерге жана ымыркайларга заманбап медициналык жардам көрсөтүүгө шарт түзөт.

Курулуш иштерин 2028-жылдын IV чейрегинде аяктоо пландалууда. Борбор заманбап медициналык жабдуулар менен камсыздалат.