Ош шаарынын мэриясында кадрдык өзгөрүүлөр болду

Аймак Загрузка... 28 Февраль 2025 12:36
481026844_973139088338322_2474392454074566964_n.jpg
copyright icon Ош шаарынын мэриясынын басма сөз кызматы

Бишкек, 28.02.25. /Кабар/. Ош шаарынын мэриясында кадрдык өзгөрүүлөр болду.

Ага ылайык, Шакир уулу Нурсултан "Оштогу көрктөндүрүү жана жашылдандыруу чарба комбинаты" муниципалдык ишканасынын жетекчиси болуп дайындалды. Буга чейин ал, Ош шаарынын мэриясынын жарандарды тейлөө бюросунун башчысы кызматын ээлеген.

Большевиков Абай Кылычбекович "Оштогу көрктөндүрүү жана жашылдандыруу чарба комбинаты" муниципалдык ишканасынын жетекчисинин ордун тапшырып, "Жапалак унаа базары" муниципалдык ишканасынын директору болуп дайындалды.

"Жапалак унаа базары" муниципалдык ишканасынын директору болуп иштеген Каракулов Нурмухаммед Давыдович Ош шаарынын мэриясынын жарандарды тейлөө бюросунун башчысы болуп дайындалды.

Тиешелүү буйрукка Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаев кол койду.