Ош шаарындагы “Весна” кинотеатры мамлекетке кайтарылды

Укук тартиби 21 апрель 2025 12:21
Ош шаарындагы “Весна” кинотеатры мамлекетке кайтарылды
copyright icon Башкы прокуратура

Бишкек, 21.04.25. /Кабар/. Ош шаарындагы “Весна” кинотеатры мамлекетке кайтарылды. Бул тууралуу Башкы прокуратура кабарлайт.

Маалыматка ылайык, Ош облусунун прокуратурасы тарабынан текшерүү жүргүзүлүп, Ош шаарындагы "Весна" кинотеатры 0,19 га жер тилкеси менен биргеликте мыйзамсыз түрдө жеке жактардын менчигине берилип кеткендиги аныкталган.

Көрүлгөн чаралардын жыйынтыгында, наркы 102 млн сомду түзгөн "Весна" кинотеатры тиешелүү жер тилкеси менен кошо мамлекетке кайтарылган.