Ош шаарына сырттан кирген унаалар үчүн акы алуу сунушталууда

Аймак Загрузка... 09 Апрель 2025 12:58
WhatsApp_Image_2025-03-12_at__K8SiAC5.max-1920x1080.format-webp.webp
copyright icon Кабар Исхак Туратбеков

Бишкек , 09.04.25. /Кабар/. Ош шаарына сырттан кирген унаалардан акы алуу сунушталууда. Бул тууралуу муниципалитеттен билдиришти.

Күн мурун мэр Жеңишбек Токторбаев тиешелүү мекеме-ишканалардын жетекчилери менен жумушчу кеңешме өткөрүп, шаардагы калктын саны күндөн-күнгө өсүп жатканын эске алуу менен шаар инфраструктурасын жакшыртуу маселесин көтөрдү.

Расмий маалыматка ылайык, Ош шаарында 500 миңден ашык адам жашаса, жакынкы аймактардан келгендер менен бирге бул сан 800 миңден ашат. Күн сайын шаарга жакынкы жана алыскы аймактардан 56 миңге жакын унаа кирип-чыгат. Алар жол тыгындарын жаратып, кырсыктарды жана абанын булганышын күчөтүүдө. Эгер алардан акы алынса бир жылда жалпы 3 млрд сомго жакын каражат жергиликтүү бюджетке келип түшөт.

Бул каражат кайра эле көйгөйлөрдү чечүү максатында “Ош жолдоруна инвестиция – келечекке кадам” демилгеси сунушталды. Ага ылайык, башка аймактардан келген унаалар үчүн акы киргизилиши мүмкүн. Түшкөн каражатка мектеп, бала бакча, оорукана жана реабилитациялык борборлорду курууга, шаар инфраструктурасын жакшыртууга жумшоо максатталууда.

Жыйындын катышуучуларына кийинки отурумга негиздүү сунуштарды даярдап келүү тапшырылды.