Транспорттук көзөмөл: Үч айда бюджетке 69 млн сом киреше түштү

Коом 807 08 Апрель 2026 14:41
666519710_1262352386073505_7569820586769310122_n.jpg
666035370_1262352426073501_1303499662743953921_n.jpg
667799015_1262352382740172_2277849867660280066_n.jpg
Алдыга
Артка
666519710_1262352386073505_7569820586769310122_n.jpg
666035370_1262352426073501_1303499662743953921_n.jpg
667799015_1262352382740172_2277849867660280066_n.jpg
Алдыга
Артка
copyright icon Транспорт жана коммуникациялар министрлиги

Бишкек, 08.04.26. /Кабар/. Транспорт департаменти айыптардан жана жыйымдардан үч ай ичинде бюджетке 69,3 млн сом түшүрдү. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, үч ай ичинде транспорттук көзөмөл пункттары менен станциялык курулмаларда жүргүнчү жана жүк ташуучу 189 миң 396 унаа текшерилди. Транспорттук мыйзамдардын талаптарын бузуу фактылары боюнча 2 609 протокол түзүлүп, 3 млн 562 миң сом айып пул салынган.

Анын ичинен:

  • Чектелген салмак-габариттик ченемдерди сактабагандыгы үчүн — 998 протокол (17 млн 465 миң сом айып пул);
  • Эл аралык жүк ташуулардын тартибин сактабагандыгы үчүн — 143 протокол (2 млн 860 миң сом айып пул).

Мындан тышкары, ашыкча салмак жүктөп алгандан түшкөн жыйым 2 млн 557 миң сомду, бөлүнгүс ири көлөмдүү жана оор жүктөрдү ташууга атайын уруксат берүүдөн 36 млн 791 миң сомду, көп жолу колдонулуучу атайын уруксат берүүдөн 1 млн 114 миң сомду түздү. Жалпы транспорттук көзөмөл жүргүзүүнүн жыйынтыгында мамлекеттик бюджетке 69 млн 313 миң сом түшкөн.

Белгилей кетсек, Транспорт департаменти 21 транспорттук көзөмөл пунктунда салмак-габариттик көзөмөл жүргүзөт. Ошондой эле транспорттук көзөмөл аракеттери мобилдик топтор аркылуу да ишке ашырылат.