“Oш пансионаты” мекемесинин жерлери кайтарылды

Аймак 7 апрель 2025 16:20
“Oш пансионаты” мекемесинин жерлери кайтарылды

Бишкек, 07.04.25. /Кабар/. “Oш пансионаты” мекемесинин жерлери мамлекетке кайтарылды. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Ош шаарынын прокуратурасы тарабынан текшерүү жүргүзүлүп, Кыргызстан кесиптик бирлигинин «Кыргызкурорттуризм» башкармалыгынын «Oш пансионаты» мекемесине тийиштүү 1,5 га жер тилкеси 2015-2018-жылдар аралыгында 31 жаранга мыйзамсыз жеке менчикке сатылып кеткендиги аныкталган.

Көрүлгөн прокурордук чаралардын натыйжасында, баасы 189,7 млн сомду түзгөн 1,5 га жер тилкеси кайтарылды.