"Ош" аэропортундагы учактардын конуусуна киргизилген чектөө алынды

Аймак 13 февраль 2025 11:36
"Ош" аэропортундагы учактардын конуусуна киргизилген  чектөө алынды
copyright icon Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы

Бишкек, 13.02.25. /Кабар/. «Ош» аэропортундагы туманга байланыштуу учактардын конуусуна киргизилген чектөө алынды.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришкендей, Ош шаарындагы аэропортогу убактылуу чектөө саат 10:47де алынды.

Белгилей кетсек, бүгүн эртең менен шаарда туман түшүп жаткандыгына байланыштуу чектөө киргизилген.