Бишкек, 24.06.26. /Кабар/. ОСАГО боюнча төлөмдөр жылдан жылга туруктуу түрдө өсүп жатат. Бул тууралуу Мамлекеттик камсыздандыруу уюмунан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 2026-жылдын башынан бери төлөмдөрдүн саны 1060ка жетип, берилген каражаттын көлөмү 101 млн сомдон ашты.
Белгиленгендей, 2025-жыл ичинде жалпысынан 900 төлөм катталып, жарандарга 86 млн сомдон ашык каражат төлөнүп берилген.
Расмий маалыматка ылайык, бүгүнкү күндө Кыргызстанда жалпысынан 18 камсыздандыруу компаниясы расмий иш алып барат. Алардын ичинен мамлекетке таандык жалгыз компания – Мамлекеттик камсыздандыруу уюму болуп саналат.
Камсыздандыруу – бул жөн гана кошо жүрүүчү кагаз эмес, бул жол кырсыгы катталган учурда сиздин мыйзамдуу укугуңузду жана финансылык коопсуздугуңузду коргоочу башкы курал.