ОСАГО. Кыргызстандыктарга 256 млн сом төлөнүп берилди

Экономика Загрузка... 26 Январь 2026 17:17
OSAGO_Cftsj0w.max-2560x1440.2e16d0ba.format-webp.fill-1668x1014.webp

Бишкек, 26.01.26. /Кабар/. Кыргызстандыктар автоунаасына жарандык жоопкерчиликти милдеттүү камсыздандыруу полиси (ОСАГО) боюнча 256 млн сом камсыздандыруу төлөмдөрүн алышты. Бул тууралуу "Биринчи радионун" түз эфиринде Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө кызматынын төрагасы Марат Пирназаров билдирди.

Анын айтымында, камсыздандыруу төлөмдөрүнүн эң чоң көлөмү жалпысынан камсыздандыруунун ыктыярдуу түрлөрүнө туура келди. Алсак, жеке камсыздандыруу боюнча 165 млн сом, ал эми мүлктү камсыздандыруу боюнча төлөмдөрдүн жалпы суммасы 625 млн сомду түздү.

Турак жайды милдеттүү камсыздандыруунун алкагында жарандарга 28 млн сомдон ашык каражат төлөнүп берилген. Ошол эле учурда, камсыздандыруунун милдеттүү түрлөрүнүн ичинен эң көп төлөм дал ушул ОСАГО полистерине таандык болуп — 256 млн сомду түздү.

Марат Пирназаров белгилегендей, учурда калк камсыздандыруунун маанилүүлүгүн жана анын жарандардын мүлктүк, социалдык кызыкчылыктарын коргоодогу ролун жакшы түшүнө баштады.