Орозого кантип туура даярдануу керек? Нутрицологдон кеңеш

Коом Загрузка... 24 Февраль 2025 16:20
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous

Акназик Тургунбаева

Бардык материалдар

Бишкек, 24.02.25. /Кабар/. Орозого туура даярдануу менен орозону жеңил кармоого болот. Бул тууралуу “Биринчи радионун” түз эфиринде нутрицолог Зарылкан Шарабидин кызы билдирди.

Анын айтымында, орозону пайдалуу жана жеңил өткөрүү үчүн алдын ала даярданган оң.

“Орозо айы башталганга чейин эмне кылуу керек? Орозо айына психологиялык жактан да даярдануу керек. Орозо кармаганга даярданам деп тамакты көп убакыт ичпей, организмди кыйнаган туура эмес. Андан көрө туура тамактанууга өтүп, азыраак жеген жакшы. Таттуу, куурулган, ышталган, ундан жасалган тамактарды болушунча азайтыңыздар, ачуу жана таттуу кошулмаларды дагы колдонбой деле коюңуздар. Алар жүрөк-кан тамыр ооруларын пайда кылып, ашказанды дүүлүктүрөт”,-деди ал.

WhatsApp Image 2025-02-24 at 12.20.30.jpeg

Дарыгер белгилегендей, орозого организмди туура даярдоо үчүн төмөнкү эрежелерди эске алуу керек:

Уктоо убактысын өзгөртүү

Орозо айында ооз бекитүү жана ачуу убактыларынан улам биологиялык графигибиз өзгөрөт. Ошондуктан азыртан тарта уктоонун жаңы убактысына өтүү керек. Азыркыдан 1-2 саат эрте уктооңуз абзел. Анткени, мындай өзгөрүүнүн артынан ооз бекитүүгө оңой ойгонуп, күндүз уйкусуроодон жана чарчаңкы абалдан кутулууга болот.

Мөмө-жемиштерди рационго кошуу

Сиңирүүнү жакшырткан азыктарды Орозого чейин жеп баштаганыңыз оң. Ал эми ширелүү мөмө-жемиштерди орозо учурунда күнүнө 1 же 2ден жеп турганыңыз жетиштүү.

Кошумча тамактануулардан баш тартуу керек

Орозо айынын башталышына саналуу күндөр калганда үч маал гана тамактанып, алардын ортосунда шам-шум этип алганды токтотууга өзүңүздү көндүрүңүз. Анткени Орозодо сизде эки жолу гана тамактанууга мүмкүнчүлүк болот: ооз бекитерде, анан ооз ачарда. Ошондо сиз бир жолку тамактануудан баш тартып каласыз.

Кофеинди колдонууну азайтыңыз

Эгерде сиз кофени жакшы көрсөңүз жана Орозонун айынын биринчи күндөрүндө баш оорудан кыйналганды каалабасаңыз, анда азыртадан баштап кофеинди аз пайдаланыңыз. Кофеини жок кофеге өтүңүз, андан кийин аны рационуңуздан таптакыр эле чийип салыңыз.

WhatsApp Image 2025-02-24 at 12.20.44.jpeg

Эске салсак, Кыргызстанда Орозо айы 1-мартта башталат. Орозо 30 күнгө созулат. Салт боюнча мусулмандарга бир ай бою күндүзгү убакта тамактанууга болбойт. Орозо – диндеги негизги беш парздын бири болуп, балакатка жеткен ар бир мусулман орозо кармоого милдеттүү деп саналат. Орозо кармоо – белгиленген убакыт бою нар татпай жүрүү гана эмес, напсинин башка каалоолорунан да тыйылуу болуп эсептелинет.