Орозо айтта жол коопсуздук чаралары күчөтүлөт — ЖККБББ

Коом Загрузка... 29 Март 2025 10:18
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon www

Бишкек, 29.03.25. /Кабар/. Орозо айтта коопсуздук чаралары күчөтүлүп, жарандар үчүн ыңгайлуу шарттар түзүлөт

Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришкендей, Орозо айт майрамында жарандардын коопсуздугун камсыздоо жана айт намазынын тынч, иреттүү өтүшүн уюштуруу боюнча ИИМдин ЖККБББнын башчысы, Жеңишбек Жоробеков жана Кыргызстан мусулмандарынын муфтийи Абдулазиз кары Закировдун катышуусунда жыйын өттү.

Жыйындын жүрүшүндө өлкө аймагындагы төрт миңден ашуун мечитке жол кыймылын көзөмөлдөөчү кызматкерлер бекитилип, алар айт намазына келген жарандар үчүн коопсуз жана ыңгайлуу шарт түзүүгө көмөктөшөрү белгиленди.

Ошондой эле тиешелүү кызматтар жол тыгындарынын алдын алуу жана тартипти көзөмөлдөө иштерин күчөтөт.

Ал эми, Кыргызстан мусулмандарынын Дин башкармалыгы буга чейин да жума намаздарында айдоочуларга жол эрежелерин сактоо боюнча шариятта белгиленген насааттары айтып, түшүндүрүү иштерин жүргүзүп келгенин белгилеп, бул багытта маалыматтык багыттагы иштерди мындан ары да күчөтүү керектиги айтылды.

"Жыйындын катышуучулары Орозо айт – бул биримдик менен берекенин майрамы экенин баса белгилешип, анын тынч жана коопсуз өтүшү үчүн мамлекеттик жана диний мекемелердин тыгыз кызматташтыгынын маанилүүлүгүнө токтолушту. Азирети Муфтий жол коопсуздугун камсыздоодо тынымсыз эмгектенип жаткан кызматкерлерге ыраазычылык билдирилип, жарандарды тартипти сактоого жана жоопкерчиликтүү болууга чакырышты"-деп айтылат маалыматта.