Онколог дарыгер эмчек рагынын алгачкы белгилерин атады

Ден соолук 36 10 Август 2026 17:50
347139398529378.2e16d0ba.format-webp.fill-1668x1014.webp
copyright icon WWW

Бишкек, 10.08.26. /Кабар/. Сүт безинин рагынын алгачкы стадиясы көбүнчө эч кандай ачык белгилерсиз өтөт. Бирок, кандайдыр бир өзгөрүүлөр байкалса, дароо дарыгерге кайрылуу зарыл. Бул тууралуу медицина илимдеринин доктору, профессор жана жогорку квалификациялык категориядагы онколог-маммолог Кыял Макиева түшүндүрмө берди.

images_NeKccxY.width-800

Анын айтымында, оорунун алгачкы белгилеринин бири түздөн-түз эмчекте же колтук астындагы аймакта түйүндүн же шишиктин пайда болушу мүмкүн.

"Эң биринчиден, эмчектин өзүндө же колтукта түйүн, катуу жер же шишик – башкача айтканда, кандайдыр бир өсүндү пайда болушу мүмкүн. Ошол эле учурда эмчектин формасы өзгөрүшү ыктымал: бир эмчек чоңоюп же тескерисинче, кичирейип калышы мүмкүн", – деп белгиледи Макиева.

Адистин айтымында, эмчек терисинин абалы жана түсү да өзгөрүшү ыктымал. Мүмкүн болгон белгилерге эмчек учунан бөлүнүп чыккан суюктуктар – мисалы, ууз сүт, кан аралаш суюктук же башка түрдөгү бөлүнүүлөр кирет.

rak-grudi-simptomy.width-800

Дагы бир белги эмчек учунун абалынын өзгөрүшү болушу мүмкүн. Мисалы, бир эмчек учу сыртка чыгып турса, экинчиси ичкери тартылып калышы ыктымал.

"Колтук астындагы лимфа бездери чоңоюп, аларды кармап сезүүгө мүмкүн болуп калышы мүмкүн", – деп түшүндүрдү дарыгер.

Кыял Макиева шишик алгачкы этаптарда көбүнчө ооруну же башка белгилерди жаратпай турганын баса белгиледи.

"Баштапкы этаптарда шишик дээрлик эч кандай ыңгайсыздык жаратпайт. Биз муну симптомсуз жүрүш деп атайбыз – адамда эч кандай даттануулар болбошу мүмкүн. Шишик чоңойгондон кийин гана оору пайда болушу ыктымал", – деди адис.

Дарыгер аялдарды эмчегиндеги ар кандай өзгөрүүлөргө кылдат көңүл бурууга жана адис менен кеңешүүнү кечиктирбөөгө чакырды. Эмчек рагын эрте аныктоо дарылоонун натыйжалуулугун олуттуу жогорулатат.