Окуу китептери менен камсыз кылууга былтыр республикалык бюджеттен 152 млн сом каралган

Билим 2622 26 Февраль 2025 14:00
WhatsApp Image 2025-02-26 at 08.58.26.jpeg
WhatsApp Image 2025-02-26 at 10.50.43 (1).jpeg
Алдыга
Артка
WhatsApp Image 2025-02-26 at 08.58.26.jpeg
WhatsApp Image 2025-02-26 at 10.50.43 (1).jpeg
Алдыга
Артка
copyright icon KABAR Акназик Тургунбаева

Акназик Тургунбаева

Бардык материалдар

Бишкек, 26.02.25. /Кабар/. Кыргызстанда 2024-жылы окуу китептери менен камсыз кылууга республикалык бюджеттен 152 млн сом каралган. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин “Билим берүү тармагына биргелешип сереп салуу программасы” жыйынында белгилүү болду.

Маалыматта айтылгандай, аталган каражатка мурда түзүлгөн келишимдерге ылайык аткаруучуга төлөнүүчү сумманын калдыктарын төлөөгө, “Учкун” ААКнын басмаканасында 9 аталыштагы китептерди басып чыгууга жумшалган.

Кошумчалай кетсек, муну менен катар 2024-жылы “Маршалл Кавендиш” басмасынан (Сингапур) 83 млн сомго 32 аталыштагы эл аралык окуу-методикалык комплекстерге лицензия алынган. Натыйжада министрликке караштуу "Окуу китеби" басма үйү бардык класстар үчүн математика, физика, химия, биология, табият таануу, англис тили боюнча окуу-методикалык комплекстерди мөөнөтсүз пайдалануу укугуна ээ болгон.