Нурбек Чегирткеев Бажы кызматынын төрагасынын орун басары болду

Кадрлар жана дайындоолор Загрузка... 31 Март 2026 18:12
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon Мамлекеттик бажы кызматы

Бишкек, 31.03.26. /Кабар/. Чегирткеев Нурбек Талантович Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын орун басары болуп дайындалды.

Тиешелүү тескемеге министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев кол койду.

Чегирткеев Нурбек Талантович 1981-жылдын 28-сентябрында Бишкек шаарында төрөлгөн. Жогорку билимдүү - 2004-жылы Кыргыз мамлекеттик курулуш, транспорт жана архитектура университетин "Жол кыймылын уюштуруу" адистиги боюнча аяктаган.

Эмгек жолун Баңгизаттарды көзөмөлдөө боюнча агенттигинде баштап, 2005–2013-жылдары аталган органда кызмат өтөгөн.

2013-жылдан тартып Мамлекеттик бажы кызматынын системасында иштеп, инспекторлуктан тартып жетекчилик кызматтарга чейин ар кандай кызмат орундарын ээлеген.

Дайындалганга чейин Мамлекеттик бажы кызматынын борбордук аппаратынын Ички иликтөөлөр башкармалыгынын башчысы кызматын ээлеп келген.