Бишкек, 26.09.25./Кабар/. Бизге кичи автобустар өтө зарыл болгондуктан буга чейин да министрлике кайрылып келгенбиз, мына эми маданият тармагына көңүл бөлүнүп, театр, филармония, музыкалык мекемелер жана музейлерге кичи автобустар берилүүдө. Мындай пикирин Т. Тыныбеков атындагы Жалал-Абад облустук филармониясынын көркөм жетекчиси Нурбек Шамуратов “Кабар” маалымат агенттигине билдирди.
Анын айтымында, бул Жалал-Абад облустук филармониясынын эмгек жамаатына бөлүнгөн экинчи унаа.
“Өлкө жетекчилеринин элибиздин маданият тармагында эмгектенген өнөрпоздоруна жасаган мындай камкордугуна филармониянын эмгек жамааты чоң кубанычтабыз. Буюрса маданий иш-чараларды өткөрүүдө, гастролдорго чыгууда, маданий демилгелерди ыкчам жүзөгө ашырууда буга чейин болуп келген кыйынчылыктар артта калды деген ишенимде турабыз”,- деди Шамуратов.
Белгилей кетсек, театр оюн-зоок мекемелерине жана министрликке караштуу билим берүү мекемелерине тапшырылган 39 кичи автобустун бири Т. Тыныбеков атындагы Жалал-Абад облустук филармониясынын эмгек жамаатына берилип, унаа бүгүн Манас шаарына келди.
Буга чейин ушул жылдын июль айында министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигине тапшырган унаалардын бири Жалал-Абад облустук филармониясына берилгендигин Нурбек Шамуратов кошумчалады.