Өнөр жай тармагында Кумтөрдүн үлүшү 59,6 млрд сомду түздү

Экономика Загрузка... 09 Апрель 2026 13:40
1740271237_0_0_1680.2e16d0ba.format-webp.fill-1668x1014.webp

Бишкек, 09.04.26. /Кабар/. Өнөр жай тармагында Кумтөрдүн үлүшү 59,6 млрд сомду түздү. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев “Кыргызалтын” ачык акционердик коомунун ишмердүүлүгүн караган жыйында билдирди.

69d740ddcc242-.max-2560x1440.format-webp.jpegquality-90

Касымалиев белгилегендей, 2026-жылдын февраль айында ИДП өсүшү 8,8%ды түздү. Анын ичинде өнөр жайында 18,7% өсүш катталды же 147,8 млрд сомдук дүң продукция өндүрүлдү, Кумтөрдү кошпогондо 88,2 млрд сомду түздү.

“Эми бул санды алып таштаганда, өнөр жай тармагында Кумтөрдүн үлүшү 59,6 млрд сомду же февраль айындагы ИДПнын 22,6%ын Кумтөр түзүп жатат. Тиешелүү түрдө Кумтөр "Кыргыз алтындын" акыркы 5 жылдагы өсүп бараткан ишине да түздөн-түз таасирин тийгизип жатат”, - деди минкаб башчысы.