Ноокатта мурдагы айыл өкмөт башчысы кармалды

Укук тартиби Загрузка... 05 Июль 2025 17:00
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon УКМК

Бишкек, 05.07.25./Кабар/. 3-июлда Ноокатта мурдагы айыл өкмөт башчысы кармалды. Бул тууралуу УКМК билдирет.

Маалыматка ылайык, атайын кызматтын кызматкерлери тарабынан «Женго» каймана аты менен белгилүү К.Досонов жетектеген уюшкан кылмыштуу топту каржылоо боюнча мурда иштеп келген туруктуу канал токтотулган.

Кылмыш ишин иликтөөнүн алкагында Ош облусунун Ноокат районунун Мирмахмудов айыл өкмөтүнүн мурдагы башчысы Ш.Г. УКТ менен көптөн бери кызматташкандыгы тууралуу далилдүү фактылар алынган.

Белгиленгендей, 2008-2021-жылдар аралыгында Ш.Г. коррупциялык иштерди жүргүзүүгө макулдук алып, кылмыштуу топко системалуу түрдө каржылык колдоо көрсөтүп турган.

Ошондой эле мамлекеттик мүлктү мыйзамсыз менчиктештирүү, жасалма түзүмдөрдү түзүү жана өзгөчө ири өлчөмдөгү каражаттарды чыгарып кетүү боюнча маалыматтар такталган.

Мындан улам, Ш.Г. УКМКнын тергөө абагына киргизилди. Учурда тергөө иш-чаралары улантылып, мыйзамсыз аракеттердин башка эпизоддору аныкталып, мүлктү мамлекетке кайтаруу чаралары көрүлүүдө.

УКМК чинине жана статусуна карабастан уюшкан кылмыштуулукка жана коррупцияга каршы күрөш уланып жатканын эскертет.