Ноокатта алманын кошулмасыз накта ширесин чыгарган ишкана ачылат

Аймак Загрузка... 30 Июль 2025 17:00
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon Өздүк архивинен

Чолпон Жумалиева

Бардык материалдар

Ош облусунун Ноокат районунун Төрөбай Кулатов айыл аймагына караштуу Баглан айылында курулган “Баглан” шире чыгаруучу ишканасы август айынын аягында ишке берилет. Бул тууралуу аталган ишкананын негиздөөчүлөрүнүн бири Сапарбек Бойдонов “Кабар” маалымат агенттигине билдирди.

WhatsApp Image 2025-07-30 at 16.59.31.jpeg

Анын айтымында, август айынын орто ченинде аймакта алма бышып, шире өндүрүлө баштайт.

“Бир жуманын ичинде элдин алмалары бышканча жабдууларды текшерүү иштерин баштайбыз. Өндүрүштүн кубаттуулугуна токтолсок, күнүнө 2 тоннага чейин шире өндүрүү мүмкүнчүлүгүбүз бар. Бирок, бизде ширени куюучу аппараттар кол менен иштегендиктен бул көлөмдү чыгара алабызбы же жетпей калабызбы иш жүзүндө аныкталат. Негизинен биздин шире ички рынокко чыгат жана тышка да экспорттолот. Учурда ширени Россияга алып кете турган фирма менен сүйлөшүүлөр жүргүзүлгөн. Мында биздин ширелер Россиядагы кыргызстандыктардын дүкөндөрүндө сатылмакчы”,- деди ишкер.

Ошондой эле алмадан тышкары цехте сабиз, помидордон да шире чыгарса болоору маалымдалды.

WhatsApp Image 2025-07-30 at 16.59.21.jpeg

“Алгач алмадан, кийинчерээк сөөгү жок мөмө-жемиштерден да шире чыгарсак болот. Бирок, негизинен алма ширесин чыгарууга басым жасайбыз. Кыргызпатентке катталуу үчүн документ жөнөтүлүп, өндүрүлгөн продукция сатыкка айылдын атынан “Баглан ширеси”, “Баглан суусу”, “Баглан чайы” деген ат менен чыкмакчы. АРИС аркылуу чет элдик адис тартылып ширенин сапатын, даамдуулугун арттыруу боюнча ыкмаларды өздөштүрдүк. Жаңы ыкмаларды колдонуп алманын кошулмасыз накта ширесин чыгарабыз. Негизинен алманын ширесин сыгып, кайнатып, кайра муздатуу менен бөтөлкөлөргө куябыз”,- дейт Бойдонов.

WhatsApp Image 2025-07-30 at 16.59.41.jpeg

Белгилей кетсек, “Баглан” шире чыгаруучу ишканасы ишке кирсе алгач 15ке жакын адам иш менен камсыз болот. Маалымдалгандай, жалпы ишкананы куруп, ишке берүүгө 14,6 млн сом каражат жумшалган. Цехти курууга сарпталган 7 млн сомдон ашык каражат “Баглан” шире кооперативинин өздүк каражаты. Ал эми жабдууларды сатып алуу үчүн каражатты CASA-1000 долбоорунун гранттык сынагына катышып, ишкана негиздөөчүлөрү жеңип алышкан. Мында толук жабдуу АРИС уюму аркылуу Кытайдан алынып, айыл өкмөттүн балансына өткөрүп берилген.

WhatsApp Image 2025-07-30 at 16.59.42.jpeg

Бул ишкердик аракеттер Ноокат районундагы айыл чарба тармагын өнүктүрүүгө чоң салым кошуп, жергиликтүү дыйкандар өндүргөн айыл чарба продукцияларын кайра иштетүүгө шарт түзөт. “Баглан” шире чыгаруучу ишканасынын ачылышы менен айылда жаңы жумуш орундары түзүлүп, жашылча-жемиштер жеринде туруктуу сатып алууга ээ болот. Ошондой эле ишкана өндүргөн накта ширелер ички жана тышкы рынокко чыгып, жергиликтүү өндүрүштүн деңгээлин көтөрүүгө чоң салым кошот. Мындай демилгелер айылдык өнүгүүнүн, кичи жана орто ишкердикти колдоонун мисалы болуп саналат.