Ноокатта 375 орундуу мектептин курулушу 70 пайызга аяктап калды

Аймак 1129 06 Март 2025 15:37
481773817_1147440590188322_5258488410449939526_n.jpg
481224616_1147440693521645_4644897882608382120_n.jpg
481309010_1147440580188323_2212375965948083355_n (1).jpg
481469428_1147440610188320_2475799562174738694_n.jpg
481675456_1147440660188315_1516875877426087118_n.jpg
481767589_1147440650188316_1528656598851833699_n.jpg
481791784_1147440676854980_8087877341687650343_n (1).jpg
481953008_1147440546854993_7681151817547773879_n (1).jpg
483368073_1147440633521651_4061019956291235144_n.jpg
Алдыга
Артка

copyright icon Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлиги

Бишкек, 06.03.25. /Кабар/. Ноокат районуна караштуу Борбаш айылында 375 орундуу мектептин курулушу 70 пайызга аяктап калды. Бул тууралуу Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, мектептин курулушу республикалык бюджеттин эсебинен каржыланып жатат, долбоордун тендердик баасы 172 миллион сомду түзөт.

Жалпы аянты 2349 чарчы метр болгон жаңы мектеп 375 окуучуга ылайыкталган. Долбоор заманбап билим берүү инфраструктурасын камтып, төрт блоктон туруп, эки кабаттуу окуу корпус, өтмө галереясы жана спорт залы бар.

Мектепте башкы окуу класстардан тышкары китепкана жана окуу залы, компьютердик класс, лаборатория, балдар жана кыздар үчүн эмгек кабинети, медициналык кабинет жана ашкана каралган. Ал эми спорт залы дене тарбия сабактары үчүн бардык шарттарда камсыздалат.

Бүгүнкү күндө курулуш иштери 70%га аяктап, курулуштун бардык этаптарын бүтүрүү боюнча активдүү иштер жүрүүдө.