Кочкордо 375 орундуу мектептин курулушу уланууда

Коом Загрузка... 14 Май 2025 15:40
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлиги

Бишкек, 14.05.25. /Кабар/. Кочкор районундагы Кара-Суу айылында Ш. Рысмендеев атындагы 375 орундуу жаңы мектептин курулушу уланууда.

Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигинен билдиришкендей, долбоор республикалык бюджеттин эсебинен ишке ашырылууда. Тендердик баасы 119 млн сомдон ашат.

Долбоорго ылайык, мектепте эки кабаттуу окуу корпус, спорт зал, ашкана, өтмөк галерея жана тышкы спорт аянтчасы каралган. Окуу жай заманбап жабдуулар менен камсыздалат.

Курулуш иштери бардык курулуш нормаларына жана стандарттарына ылайык жүргүзүлүүдө.