Ноокат райондук сотунун судьясына кылмыш иши козголду

Укук тартиби Загрузка... 26 Июнь 2025 17:16
WhatsApp Image 2025-06-26 at 16.42.48.jpeg
copyright icon Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети

Бишкек, 26.06.25. /Кабар/. Ош облусунун Ноокат райондук сотунун судьясына кылмыш иши козголду.

Атайын кызматтан билдиришкендей, Ноокат районунун судьясы А.Г.А. тарабынан "Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу", ошондой эле "Сот адилеттигине жатпаган өкүм же башка соттук акт чыгаруу" фактысы аныкталды.

Ноокат РИИБ тарабынан 707 гр салмактагы баңги заттарды (гашиш) сатуу учурунда Н.И. кармалгандыгы аныкталган. Н.И.нин жашаган жерин тинтүү учурунда салмагы 2 кг. (гашиш) баңги заты табылып, жалпы салмагы 2,7 кг баңги заты алынган. Н.И.ни тинтүү учурунда таңгакталган жана электрондук таразадагы баңгизаттар табылган, бул аларды сатуу ниетинен кабар берет.

Бирок, судья А.Г.А. соттук чечим чыгарууда "Сатуу максатында баңги каражаттарын мыйзамсыз даярдоо" беренесин "Сатуу максаты жок баңги каражаттарын мыйзамсыз даярдоо" беренесине кайра квалификациялаган.

Кылмыш ишинде жетиштүү далилдерге карабастан, судья атайылап сот актысын чыгарган жана соттолуучуга карата баш коргоо чарасын үй камагына өзгөртүү менен пробациялык көзөмөл колдонгон.

Ошол эле учурда айыпталуучу Н.И. качуу үчүн ыңгайлуу шарттардан пайдаланып, мамлекеттик чек араны кесип өтүп, белгисиз тарапка изин жашырып кеткен.

2025-жылдын 13-июнунда КР Судьялар кеңеши судья А.Г.А.ны жазык жоопкерчилигине тартууга макулдук берген.

2025-жылдын 21-июнунда А.Г.А.га карата жүргүзүлгөн тергөө аракеттеринин жыйынтыгы боюнча "Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу", "Атайылап сот адилеттигине жатпаган чечим чыгаруу" беренелери боюнча айып тагылып, тергөө мөөнөтү аяктаганга чейин А.Г.А.нын оорусуна байланыштуу үй камагына чыгаруу чарасы тандалган.

Маалымат үчүн: Өкмөттүн 2007-жылдын 9-ноябрындагы №543 "Кыргыз Республикасында контролго алынуучу баңги каражаттары, психотроптук заттар жана прекурсорлор жөнүндө" токтомуна ылайык 90 граммдан ашкан гашиш өзгөчө ири өлчөмдө деп эсептелет.