Немец компаниясы Кыргызстанда логистикалык борборлорду курушу мүмкүн — Кабар

Немец компаниясы Кыргызстанда логистикалык борборлорду курушу мүмкүн

Экономика 11 февраль 2026 21:00
629086693_1323491189814388_4619348432700439148_n.jpg
630226073_1323491286481045_5165801966088230212_n.jpg
631691562_1323491243147716_2103665819136036791_n.jpg
628558255_1323491309814376_6263382269739421516_n.jpg
Алдыга
Артка
629086693_1323491189814388_4619348432700439148_n.jpg
630226073_1323491286481045_5165801966088230212_n.jpg
631691562_1323491243147716_2103665819136036791_n.jpg
628558255_1323491309814376_6263382269739421516_n.jpg
Алдыга
Артка
copyright icon ТИМ

Бишкек, 11.02.26. /Кабар/. Күн мурун Берлин шаарында тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Rhenus SE компаниясынын өкүлү Генрих Керстгенс менен жолукту.

Ведомстводон маалымдашкандай, жолугушуу транспорттук логистика тармагындагы кызматташтыктын келечегин талкуулоо максатын көздөдү.

Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө Кыргызстандын темир жол транспорттук инфраструктурасын өнүктүрүү маселелерине, ошондой эле заманбап логистикалык жана контейнердик борборлорду түзүүгө өзгөчө көңүл бурулду. Ал эми Rhenus Logistics компаниясынын инфраструктуралык долбоорлорду ишке ашырууга катышуу жана Кыргызстандагы ишмердүүлүгүн кеңейтүү мүмкүнчүлүктөрү өзүнчө каралды.

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар биргелешкен кызматташтыкты өнүктүрүүгө жана биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу боюнча практикалык консультацияларды улантууга өз ара кызыкдар экенин ырасташты.

Маалымат үчүн: Rhenus SE — Германиянын Хольцвиккеде шаарында башкы кеңсеси жайгашкан эл аралык логистикалык топ болуп саналат жана дүйнөдөгү алдыңкы транспорттук-логистикалык кызмат көрсөтүүчүлөрдүн катарына кирет. Компания мультимодалдык ташуулар, кампалык логистика жана жеткирүү чынжырларын башкаруу жаатында комплекстүү чечимдерди сунуштап, дүйнөнүн 70тен ашык өлкөсүндө иш жүргүзөт.