Бишкек, 11.09.26. /Кабар/. “Манас” улуттук академиясынын президенти Назира Аалы кызы кыргызстандыктарды Эгемендүүлүк күнү менен куттуктап, майрамдын Манастын тарыхый мекени Таласта белгиленип жатканынын өзгөчө маанисин белгиледи.
“Биз бүгүн Таласта өлкөбүздүн эгемендүүлүгүнүн 35 жылдыгын белгилеп жатабыз. Бул окуянын мааниси абдан чоң. Өзүңүздөр көрүп тургандай, жакында эле Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары ийгиликтүү өтүп, анда кыргыз элинин жана Кыргызстандын аты дүйнөгө таанылды. Бул даңазалуу окуянын таасири тарай электе эле, Манастын тарыхый мекени Таласта дагы бир чоң майрам белгиленип жатат”, – деди ал.
Анын айтымында, бүгүн “Манас Ордо” комплексинин ачылышы болду. Бул окуяны “Манас” улуттук академиясы чоң кубаныч менен кабыл алды. Ошондой эле майрамдын алкагында акындар айтышы өтүп, чоң салтанатка даярдыктар уланууда.
“Албетте, эгемендүүлүккө арналган мындай чоң майрамда бири-бирин улай келген кубанычтуу окуяларга сүйүнүүгө да жетишпей жатабыз. Бир жакшы жаңылыктын артынан экинчиси келип жатат. Ошондуктан улуу эпосту, Манасты жараткан элибизге кааларым – кыргыз элинин эгемендүүлүгү куттуу болсун, жолубуз ачык болсун, мамлекетибиз ар дайым өнүгүп, өсүп-өркүндөй берсин”, – деп белгиледи Назира Аалы кызы.