Кочкордо 200 млн долларлык күн электр станциясы курулат

Экономика Загрузка... 06 Март 2026 17:17
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon Инвестициялар боюнча улуттук агенттик

Бишкек, 06.03.26. /Кабар/. Бүгүн Инвестициялар боюнча улуттук агенттик Нарын облусунун Ак-Кудук айылында күн электр станциясын куруу боюнча Турукташтыруу режимине кол койду.

Иш-чарага агенттиктин башчысынын орун басары Мээримбек Койчуманов, "Солар Системс" жана "АСТ Империал" компанияларынын өкүлдөрү катышты.

Долбоор Кочкор районундагы Ак-Кудук айылында күн электр станциясын курууну карайт. Станциянын кубаттуулугу 325 МВтты түзүп, алдын ала инвестициянын көлөмү 200 миллион АКШ долларына бааланууда.

Бул режим долбоорду ишке ашыруу мезгилинде инвесторлор үчүн укуктук жана экономикалык шарттардын өзгөрүүсүз калышына кепилдик берет. Бул кадам тобокелдиктерди азайтып, ири капиталдын коопсуздугун камсыздайт.

Өлкө үчүн мааниси:

  1. Кайра жаралуучу энергия булактарынын үлүшү артып, таза энергияга өтүү тездейт.
  2. Нарын облусуна ири капитал келип, аймактын социалдык-экономикалык абалы жакшырат.
  3. Станцияны куруу жана аны иштетүү этаптарында жергиликтүү калк үчүн жаңы иш орундары түзүлөт.