Бишкек, 20.03.25. /Кабар/. Мындан ары кыргыз-тажик чек арасы тынчтыктын, коопсуздуктун жана ынак коңшулук кызматташтыктын чек арасына айланат. Эми Баткенде бейпил турмуш өкүм сүрөт. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров Баткен шаарындагы Иса Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясынын жаңы окуу-дарылоо жана илимий комплексинин ачылышында билдирди.
Өлкө башчынын айтымында, Кыргызстандын чеги Баткенден башталып, чек арада дүрбөлөң болсо, бүтүн Кыргызстанга доо кетет. Көчүүгө туура келген тургундар көңүл сыртында калтырылбайт. Ар бир тургунга мамлекет мыкты шарттар менен жаңы заманбап үйлөрдү куруп берет.
“Нооруз майрамы менен буюрса, жаңы жашоо башталат”,-деди мамлекет башчы.