Бишкек, 08.09.26 /Кабар/. VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары учурунда дүйнөнүн көңүлү Кыргызстанга бурулду. Бул тууралуу Россиянын эмгек сиңирген артисти Наталия Аринбасарова "Кабар" агенттигинде өткөн маалымат жыйынында билдирди.
"Кыргызстан үчүн маанилүү, кооз, майрамдык жана тарыхый күндөрдө мени чакырганыңыздарга ыраазымын. Мени Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын жабылыш аземине чакырышты, аны өз көзүм менен көрдүм. Ал эми ачылыш аземин Москвадан көрдүм. Бул абдан масштабдуу болду! Көптөгөн досторум: “Алар ушунчалык укмуштуудай көрүнүш уюштурушуптур, мындайды эч жерден көргөн эмеспиз” деп айтып жатышты", — деди ал.
Артисттин айтымында, ал ачылыш жана жабылыш аземдерине гана эмес, Оюндун алкагында өткөн иш-чараларга жана жогорку даражалуу коноктордун сапарларына да көз салып турган.
"Кыргыз жерине кандай маанилүү коноктор келгенин, бул жерде кандай маанилүү окуялар болуп жатканын көрүп турдум. Менимче, ошол учурда дүйнөнүн көңүлү Кыргызстанга бурулду. Эми Кыргызстан дүйнөгө абдан белгилүү өлкө болуп калды", — деп белгиледи Аринбасарова.
Ал кыргыз элинин меймандостугуна да токтолуп, Оюндардан кийин көптөгөн чет элдик коноктор Кыргызстанга кайрадан келүүнү кааларын баса белгиледи.
"Кыргыздардай меймандостук менен, мындай жылуу маанайда, берешендик жана ачык жүрөк менен эч ким тосуп ала албайт. Бул жерде бир нече күн болгон соң, көпчүлүк кайра келүүнү каалайт деп ойлойм", — деди артист.
Аринбасарова акыркы жылдары Бишкекте жана өлкөдө болгон өзгөрүүлөр тууралуу да өзүнүн таасирлери менен бөлүшүп, борбор калаанын көрктөнүп, жаңы социалдык объектилер курулуп жатканына таң калганын жашырган жок. Ошондой эле ал Бишкектен Чолпон-Атага кеткен жолдун сапатына жана жарыктандыруусуна өзгөчө баа берди.
Маалымат жыйынынын соңунда маданий программанын уюштуруучусу Ассоль Молдокматовага да өзгөчө ыраазычылыгын билдирип, анын чыгармачылык демилгелерди өнүктүрүүгө кошкон салымын белгиледи.