Мыктыбек Илебаев "Учур" жаштар театрынын директору болду — Кабар

Мыктыбек Илебаев "Учур" жаштар театрынын директору болду

Кадрлар жана дайындоолор 10 март 2026 14:31
650204676_1225096943115393_594471713978446195_n.jpg
648129883_1225097156448705_626606309860355353_n.jpg
647382034_1225097093115378_6163453632977446442_n.jpg
648129883_1225097009782053_5052256995291284570_n.jpg
648588608_1225097073115380_6936914781137048823_n.jpg
648870886_1225097026448718_8011228574809624712_n.jpg
648952498_1225096966448724_3155776207491115377_n.jpg
649174355_1225097193115368_8756453233710785318_n.jpg
649211464_1225097139782040_4856494288381024230_n.jpg
Алдыга
Артка

Бишкек, 10.03.26. /Кабар/. Мыктыбек Илебаев "Учур" мамлекеттик жаштар театрынын директору болуп дайындалды. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинен билдиришти.

Тиешелүү буйрукка ылайык, ал 2026-жылдын 10-мартынан тартып 3 айлык сыноо мөөнөтү менен эмгек келишиминин негизинде ишке киришти.

Мыктыбек Илебаев жогорку юридикалык билимге ээ. "Дастан" технологиялык университетин бүтүргөн. Ал буга чейин "Учур" театрынын директорунун орун басары жана А. Изибаев атындагы Кыргыз мамлекеттик циркинин башкы директорунун орун басары кызматтарында эмгектенген.

Мамлекеттик жана коомдук уюмдарда башкаруу жана юридикалык багытта көп жылдык тажрыйбасы бар.