Бишкек, 25.11.26. /Кабар/. Бишкектеги мурдагы №1 тергөө абагынын ордуна парк куруу сунушталууда. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Дастан Бекешев билдирди.
Анын айтымында, парк жайгаша турган жердин алдына унаа токтоочу жай курууга болот.

“Бул аймак шаардын борбордук бөлүгүндө жайгашкандыктан, көптөгөн курулуш компанияларынын көңүлүн буруп жатса керек. Бирок биз шаар тургундарынын ден соолугун ойлойлу. Мен ал жерге парк жана унаа токтоочу жай куруу сунушун карап чыгууну суранып кетет элем”, - деди эл өкүлү.