Мугалимдерге 20 миңден ашык “Алтын Казык” ноутбугу тапшырылды

Билим 02 Февраль 2026 14:00
625797259_1343364127837328_6640551711692923311_n.jpg
624584299_1343364431170631_6328918175729361144_n.jpg
624628837_1343364507837290_4701849253662164808_n.jpg
624639025_1343364131170661_7977327204638103957_n.jpg
Алдыга
Артка
625797259_1343364127837328_6640551711692923311_n.jpg
624584299_1343364431170631_6328918175729361144_n.jpg
624628837_1343364507837290_4701849253662164808_n.jpg
624639025_1343364131170661_7977327204638103957_n.jpg
Алдыга
Артка
copyright icon Агартуу министрлиги

Бишкек, 02.02.26. /Кабар/. Бүгүн, 2-февралда өлкө мектептеринин башталгыч класстарынын мугалимдери үчүн 20 миң 286 даана “Алтын Казык” ноутбуктары тапшырылды. Бул тууралуу Агартуу министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, эми ноутбуктар райондук билим берүү бөлүмдөрү аркылуу мугалимдерге жеткирилет. Кийинки партияларда тарых, география жана кыргыз тили предметинин мугалимдерине берүү пландалууда.

Белгилей кетсек, ата мекендик ноутбуктар И. Раззаков атындагы КМТУнун “Технопарк” мекемесинде чогултулуп, техникалык талаптарга ылайык даярдалган. Ар бир ноутбукта атайын лицензияланган программалар орнотулуп, алар автоматтык түрдө жаңыртылып турат жана коопсуздук мүмкүнчүлүктөрү менен камсыздалган.

Мындан тышкары, мугалимдердин күнүмдүк ишине зарыл методикалык колдонмолор жана керектүү программалар киргизилген.

Эске салсак, өткөн жылы STEM предметтеринин (математика, физика, химия, биология, информатика) мугалимдерине 27 миңден ашык “Алтын Казык” ноутбугу берилген.