Бишкек, 05.10.26 /Кабар/. ”Жылдын мыкты мугалими“ сынагынын калыстар тобунун мүчөсү Самара Солтобаева быйыл аны жаш педагогдордун активдүү катышуусу өзгөчө кубандырганын белгиледи.
”Мен калыстар тобунун курамында болдум. Ал жерде таланттуу жаш педагогдор абдан көп экен. Бул мени кубандырды”, — деди ал.
Анын айтымында, мугалимдердин билими жогорулап, тажрыйбасы артып, ишинде жаңы технологияларды жигердүү колдонуп жатышат.
Ошондой эле ал быйыл ар бир предмет өзүнчө бааланганын, ал эми жеңүүчүлөр үчүн атайын сыйлыктар каралганын белгиледи.
”Эң негизгиси, жаштар буга чейин эле кызыгып баштаган. Бардык педагогдор жигердүү катышып, мындан ары да катышууну пландап жатышат”, — деп кошумчалады ал.