Москва шаарында "Нарын" ЭЭАнын өкүлчүлүгү ачылды

Экономика 12 май 2026 16:16
WhatsApp Image 2026-05-12 at 16.01.10.jpeg
WhatsApp Image 2026-05-12 at 16.01.10 (1).jpeg
WhatsApp Image 2026-05-12 at 16.01.09.jpeg
Алдыга
Артка
WhatsApp Image 2026-05-12 at 16.01.10.jpeg
WhatsApp Image 2026-05-12 at 16.01.10 (1).jpeg
WhatsApp Image 2026-05-12 at 16.01.09.jpeg
Алдыга
Артка
copyright icon Инвестициялар боюнча улуттук агенттик

Бишкек, 12.05.26. /Кабар/. Москва шаарында "Нарын" эркин экономикалык аймагы башкы дирекциясынын өкүлчүлүгүнүн расмий ачылышы өттү.

Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктен билдиришкендей, иш-чара Кыргызстан менен Россиянын ортосундагы соода-экономикалык кызматташтыкты кеңейтүүдөгү маанилүү кадамдардын бири болду.

Салтанаттуу иш-чарага Кыргызстандын Россиядагы элчилигинин өкүлдөрү, анын ичинде биринчи катчы Назира Маматканова катышты.

Жаңы өкүлчүлүктүн ишмердүүлүгү бизнес өкүлдөрүнө эркин экономикалык аймактын преференциялары боюнча консультация берүү, экспорттук операцияларды колдоо, ошондой эле инвесторлор жана өнөктөштөр үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүүгө багытталат.

"Нарын" эркин экономикалык аймагы башкы дирекциясынын өкүлчүлүгү Россиянын Москва шаарындагы Каширское шоссе көчөсү, 61-үй, 3А корпус дареги боюнча иш алып барат.