Бишкек, 05.08.26 /Кабар/. Эсептөө палатасы Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун 2025-жылдагы бюджетинин аткарылышына жүргүзүлгөн аудиттин жыйынтыгын карады.
Мекеменин маалыматына ылайык, фонддун такталган бюджети 10,3 млрд сомду түзүп, киреше бөлүгү 102,5 пайызга аткарылган. Ал эми чыгашалар 82,3 пайызды түзүп, 8,5 млрд сом өлчөмүндө сарпталган.
"Аудиттин жүрүшүндө бюджетти түзүү жана аткаруу, эмгек акы төлөө, курулуш иштерин каржылоо, эсеп жана отчеттуулук, ошондой эле мамлекеттик сатып алуулар боюнча бир катар кемчиликтер аныкталган", - деп айтылат маалыматта.
Эсептөө палатасы аныкталган мыйзам бузууларды жоюу жана каражаттарды бюджетке кайтаруу боюнча тиешелүү жазма буйруктар менен сунуштамаларды жөнөтүү чечимин кабыл алды.