Мишустин, Арипов, Турчин жана Радев кыргызстандыктарга куттуктоо жолдоду — Кабар

Мишустин, Арипов, Турчин жана Радев кыргызстандыктарга куттуктоо жолдоду

Министрлер кабинети 31 август 2026 12:20
WhatsApp Image 2026-08-31 at 12.08.49.jpeg
copyright icon Министрлер кабинети

Бишкек, 31.08.26. /Кабар/. Чет өлкөлөрдүн өкмөт башчылары министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиевди жана Кыргызстандын элинин өлкөнүн Эгемендүүлүк күнү менен куттукташты.

Беларусь премьер-министри Александр Турчиндин куттуктоосу:

"Кыргызстандын Эгемендүүлүк күнү менен куттуктоомду кабыл алыңыз. Кыргызстандын экономикалык өнүгүүсүндөгү ийгиликтерине, инфраструктуранын өнүгүшүнө, жарандардын жашоо деңгээлинин жогорулашына чын жүрөктөн кубанычтамын.

Өлкөлөрүбүздүн ортосундагы мамилелер салттуу түрдө өз ара урматтоо жана өнөктөштүк демине бекем берилгендик менен мүнөздөлөт.

Эки тараптуу сооданы андан ары кеңейтүүгө, өз ара пайдалуу долбоорлорду жана демилгелерди ишке ашырууга биргелешкен аракеттер жана конструктивдүү диалог көмөк көрсөтөт деп ишенем. Чын жүрөктөн Сизге чың ден соолук, кажыбас энергия жана жоопкерчиликтүү мамлекеттик ишмердигиңизде жаңы жетишкендиктерди каалайм", - деп айтылат катта.

Болгариянын премьер-министри Румен Радевдин куттуктоосу:

"Болгария өкмөтү жана өз атымдан Кыргызстандын улуттук майрамы — 31-август, Эгемендүүлүк күнү менен чын жүрөктөн куттуктоомду билдирүүгө уруксат этиңиз.

Учурдан пайдаланып, Болгариянын өкмөтү Кыргызстан менен салттуу түрдө достук эки тараптуу мамилелерди андан ары бекемдөө жана тереңдетүү боюнча ишти улантууга, атап айтканда, Европа биримдигинин Борбор Азия өлкөлөрү менен кызматташтыгын жана өнөктөштүгүн күчөтүүгө даяр экендигин ырастайм.

Биргелешкен аракеттер менен биз эки тараптуу мамилелердин өз ара кызыкчылык жараткан чөйрөлөрүндөгү, анын ичинде Европа менен Азиянын ортосундагы байланышты өнүктүрүүгө болгон жалпы умтулуубуздагы потенциалыбызды толук ишке ашыра алабыз деп ишенем.

Кыргыз элине тынчтык, өнүгүү жана бакубатчылык, ал эми Сизге чың ден соолук жана жоопкерчиликтүү ишмердигиңизде ийгиликтерди каалайм", - деп айтылат телеграммада.

Россия өкмөтүнүн төрагасы Михаил Мишустиндин куттуктоосу:

"Россия өкмөтүнүн жана өз атымдан Кыргызстандын улуттук майрамы — Эгемендүүлүк күнү менен куттуктайм!

Достук, жакшы коңшулаштык жана союздаштык принциптерине негизделген орус-кыргыз мамилелери кеңири багыттар боюнча өнүгүүдө. Соода-экономикалык, илимий-техникалык жана маданий-гуманитардык кызматташтык бекемделүүдө, аймактар аралык жана ишкердик байланыштар кеңейүүдө. Евразия экономикалык бирлигинде жана Көз карандысыз мамлекеттердин шериктештигинде интеграцияны бекемдөө, көп кырдуу өз ара аракеттенүүнү андан ары илгерилетүү үчүн активдүү биргелешкен иштерди улантууга даярдыгымды ырастайм. Бул Россия Федерациясынын жана Кыргыз Республикасынын узак мөөнөттүү кызыкчылыктарына толук жооп берет.

Сизге чың ден соолук, бакубатчылык жана жоопкерчиликтүү ишмердигиңизде ийгиликтерди, ал эми өлкөнүн жарандарына бакыт жана өнүгүү каалайм", - деп белгиленет катта.

Өзбекстандын премьер-министри Абдулла Ариповдун куттуктоосу:

"Акыркы жылдары Кыргызстанда жетишилген ийгиликтер, мурда болуп көрбөгөн экономикалык өсүү темптери, ошондой эле транспорт, курулуш жана энергетика сыяктуу чөйрөлөрдөгү жаңы инфраструктуралык долбоорлордун ишке ашырылышы калктын жашоо сапатын жакшыртууга жана экономиканын туруктуу өсүшүн камсыз кылууга күчтүү түрткү болуп жатканы шексиз.

Элдерибизди кылымдар бою созулган бир туугандык жана жакшы коңшулаштык байланыштары бириктирерин өзгөчө белгилегим келет.

Өзбекстандын президенти урматтуу Шавкат Мирзиёев менен Кыргызстандын президенти урматтуу Садыр Жапаровдун жакында болгон жолугушууларында эки мамлекеттин ортосундагы мамилелерди союздаштык деңгээлине көтөрүү боюнча тарыхый макулдашууга жетишкени мунун ачык далили.

Бул мамилелерди мындай жогорку деңгээлге чыгаруу биздин өкмөттөрдүн кызматташтыгын андан ары тереңдетүүнү талап кылат жана алдыбызга жаңы маанилүү милдеттерди коет.

Мамлекет башчыларыбыздын ортосунда жетишилген бардык макулдашууларды жана алар койгон милдеттерди биргелешип сапаттуу жана толук аткарабыз деп шектенбейм.

Өкмөттөрүбүздүн өз ара пайдалуу жана узак мөөнөттүү кызматташтыгы мындан ары да бекемделе берет жана эки өлкөнүн элдеринин кызыкчылыгына кызмат кылат деп ишенем. Сизге чың ден соолук, үй-бүлөлүк бакубатчылык жана жоопкерчиликтүү мамлекеттик кызматыңызда жаңы жеңиштерди, ал эми бир тууган Кыргыз элине тынчтык жана андан ары өнүгүүнү каалайм", - деп белгиленет катта.