Бишкек, 26.02.26. /Кабар/. Миргүл Эгемова Абдыкеримовна Манас шаарынын мэринин курулуш тармагы боюнча орун басары болуп дайындалды. Бул тууралуу муниципалитеттен билдиришти.
Тиешелүү буйрукка мэр Абдупата Маткаликов кол коюп, бүгүн эмгек жамаатына тааныштырды.
Миргүл Эгемова Абдыкеримовна 1986-жылдын 13-декабрында Аксы районунун Үч-Коргон айылында төрөлгөн.
Билими
2008-жылы Жалал-Абад мамлекеттик университетин аяктаган. Адистиги — информатика жана эсептөө техникасы. 2014-жылы президенттин алдындагы Башкаруу академиясын аяктаган. Адистиги — мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу.
Эмгек жолу
- 2008-жылы — Жалал-Абад шаарынын мэриясынын алдындагы Жашылдандыруу чарбасында жумушчу;
- 2009-2011-жылдары — Жалал-Абад шаардык мэриясынын Курулуш, транспорт жана коммуникация секторунда жетектөөчү адис жана сектор башчысы;
- 2013-жылы — Жалал-Абад шаарынын мэриясынын Курулуш, транспорт жана коммуникация секторунда башкы адис;
- 2023-2026-жылы — Жалал-Абад шаарынын мэриясынын аппарат жетекчиси.