Бишкек, 21.03.26 /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев “Мир” телеканалына берген маегинде Кыргызстандын ички дүң продукциясынын кыска аралыкта жогорку деңгээлде өсүшүнүн себептерин айтып берди.
Төрага белгилегендей, өлкө оболу инвестициялык мыйзамдарды жакшырткан.
“Буга чейин айтканымдай, жыл сайын кеминде 100 өндүрүштүк жана айыл чарба ишканаларын куруп, ишке берүү практикасын киргиздик. Алардын товар өндүрүү менен алектенүүсү бизге жакшы жыйынтык берди.
Өткөн жылы 270 миңден ашуун жаңы жумуш орундары түзүлдү. Ошондой эле капиталга салынган инвестициялар 18,4% көбөйдү. Быйылкы жылга 113 ишкананын ачылышы бекитилди. Алардын жалпы инвестиция көлөмү 2,6 миллиард доллар болуп, 12 миңден ашуун жаңы жумуш орду түзүлөт”, - деди өкмөт башчысы.
Ошондой эле Касымалиев белгилегендей, өткөн жылдан тарта бюрократияны азайтуу боюнча чоң иштер жасалды. Бул максатта юстиция министрине министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары макамы берилген.
Төраганын айтымында, өлкөдө “Өкмөттүк акселераторлор” программасы иш алып барууда.
“Бул программа - Бириккен Араб Эмираттарынын тажрыйбасына негизделген. Анда калкка жана бизнеске кызмат көрсөтүүдөгү көйгөйлөр каралат. Атап айтканда, көйгөйдү табабыз, тиешелүү мамлекеттик органдарды аныктайбыз, анан 100 күндүк убакыт беребиз. Өткөн жылы ушундай 12 программа кабыл алынган. Натыйжада курулуш жана башка тармактарда документтерди, уруксаттарды, лицензияларды берүү мөөнөтү кыйла кыскарды”,-деп белгиледи төрага.