Бишкек, 28.07.26 /Кабар/. Министрлер кабинетинин 2025-жылдын 18-июнундагы № 500-р тескемесине ылайык, айыл чарба товар өндүрүүчүлөрүн мамлекеттик колдоо максатында жеңилдетилген баада дизелдик отун менен камсыздоо иштери жүргүзүлүүдө.
Айыл чарба министрлигинен билдиришкендей, аталган тескемеге ылайык, республика боюнча жалпы 7 миллион литр дизелдик отун 1 литри 81 сомдон бөлүнгөн.
2026-жылдын 23-июлуна карата республика боюнча 2 миллион 744 миң 600 литр дизелдик отун айыл чарба товар өндүрүүчүлөрүнө берилди.
Анын ичинен:
- Ош облусуна — 572 250 литр;
- Ысык-Көл облусуна — 596 850 литр;
- Нарын облусуна — 746 600 литр;
- Жалал-Абад облусуна — 359 550 литр;
- Чүй облусуна — 236 300 литр;
- Баткен облусуна — 189 350 литр;
- Талас облусуна — 43 700 литр бөлүштүрүлдү.
Учурда жеңилдетилген баада бөлүнгөн дизелдик отундун калдык көлөмү 4 255 400 литрди түзөт.
"Министрлик тарабынан жеңилдетилген баадагы дизелдик отунду айыл чарба товар өндүрүүчүлөрүнө өз убагында жана үзгүлтүксүз жеткирүү иштери улантылууда. Бул мамлекеттик колдоо чарасы күзгү талаа жумуштарын сапаттуу өткөрүүгө, дыйкандардын өндүрүштүк чыгымдарын азайтууга жана агрардык сектордун туруктуу өнүгүүсүнө өбөлгө түзүүгө багытталган",-деп айтылат маалыматта.