Meta компаниясы Көчмөндөр оюндарынын ачылышын "укмуштуудай" деп атады

Көчмөндөр оюндары-2026 7 сентябрь 2026 13:30
Meta компаниясы Көчмөндөр оюндарынын ачылышын "укмуштуудай" деп атады
copyright icon WWW

Бишкек, 07.09.26. /Кабар/. Meta компаниясынын Instagram’дагы расмий аккаунту Бишкекте өткөн VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылыш аземине реакция кылды.

Компания британиялык travel-блогер Сальма Масрур жарыялаган видеонун алдына "Оюндарды баштоонун кандай гана укмуштуудай жолу" деген комментарий калтырган.

Блогер видеону 31-августта жарыялаган. Анда "Бишкек Аренада" өткөн ачылыш аземинен үзүндүлөр жана оюндарга катышкан өлкөлөрдүн делегацияларынын парады көрсөтүлгөн. Жарыя 1,2 миңден ашык "лайк" топтогон.

Сальма Масрур — марокколук тектүү британиялык саякатчы блогер. Анын Instagram баракчасына 259 миңге жакын адам катталган.

Эске салсак, Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары көчмөн цивилизациясынын маданиятын жандандыруу жана дүйнөгө жайылтуу максатында Кыргызстан тарабынан демилгеленген ири эл аралык иш-чара болуп саналат. Оюндар 2014, 2016 жана 2018-жылдары Кыргызстанда, 2022-жылы Түркияда, 2024-жылы Казакстанда өткөрүлгөн. Ал эми быйыл VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары Кыргызстанда өткөрүлдү.