Бишкек, 10.09.26. /Кабар/. Агартуу министрлиги Түп районундагы мектепте ата-энеге эскилиги жеткен окуу китеби берилгени тууралуу маалымат боюнча түшүндүрмө берди.
Министрликтин өкүлү Мелисбек Музулманов билдиргендей, мектептерде санитардык талаптарга жооп бербеген, эскилиги жеткен жана тытылган китептерди колдонууга тыюу салынган. Түптөгү мектептен китеп алган жаранга эртеси күнү талапка жооп берген жаңы нускасы жеткирилип берилген.
Ошондой эле окуу китептеринин электрондук варианттары kitep.edu.kg сайтына жайгаштырылган. Музулмановдун айтымында, Кыргызстанда 12 жылдык билим берүү системасына этап-этабы менен өтүүгө байланыштуу учурда 11 жана 12 жылдык программалардын окуу китептери колдонулууда.
Ал белгилегендей, 2030-жылга чейин бардык окуу китептерин 12 жылдык билим берүү программасына ылайыктап, окуучуларды жетиштүү нуска менен камсыз кылуу тапшырмасы коюлган.