Манас мэриясынын аппаратын Нурбек Караев жетектейт

Кадрлар жана дайындоолор Загрузка... 26 Февраль 2026 15:10
641426993_122119032675138108_6842081054410340006_n.jpg
copyright icon Манас шаарынын мэриясы

Бишкек, 26.02.26. /Кабар/. Караев Нурбек Адилбекович Манас шаарынын мэриясынын аппарат жетекчиси болуп дайындалды. Бул тууралуу муниципалитеттен билдиришти.

Тиешелүү буйрукка мэр Абдупата Маткаликов кол коюп, бүгүн мэриянын эмгек жамаатына тааныштырды.

Нурбек Караев 1982-жылдын 24-февралында Сузак районунун Кара-Дарыя айыл аймагында төрөлгөн.

Билими жогорку

Ички иштер министрлигинин Академиясын бүтүргөн. Адистиги — юриспруденция.

Эмгек жолу:

2004-2008-жылдары — ИИМ Академиясында мугалим;
2009-2012-жылдары — "Золотой орех" ЖЧКсында аткаруучу директор;
2012-2021-жылдары — "Адил Ата" айыл чарба кооперативинин жетекчиси;
2012-2016-жылдары — Кара-Дарыя айылдык кеңешинин депутаты;
2016-2021-жылдары — Кара-Дарыя айылдык кеңешинин депутаты, төрагасы;
2021-2024-жылдары — Кара-Дарыя айыл аймагынын башчысы;
2024-2025-жылдары — Кыз-Көл айыл аймагынын башчысы.

Эске салсак, Манас шаарынын мэриясынын аппаратын буга чейин Миргүл Эгемова 2023-жылдан бери жетектеп келген. Ал башка кызматка которулгандыгына байланыштуу ээлеген кызматынан бошотулду.