Мамлекеттик тил жана медиа. Улуттук тарых музейинде кереге кеңеш өттү

Коом Загрузка... 29 Апрель 2025 13:50
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous

Бишкек, 29.04.25. /Кабар/. Бүгүн, 29-апрелде Улуттук тарых музейинде президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиясы “Кыргыз туусу” жалпы улуттук гезити менен биргеликте «Медиа мейкиндикте сүйлөө жана жазуу маданиятынын актуалдуу маселелери» аттуу кереге кеңеш өткөрдү.

Иш-чарага журналисттер, тилчилер, мамлекеттик, муниципалдык мекемелердин басма сез катчылары жана, жогорку окуу жайлардын журналистика факультеттеринин мугалимдери катышты.

Уюштуруучулардын айтымында, бүгүнкү иш-чара ЖМК аркылуу коомдогу сөз маданиятын өнүктүрүү максатын көздөйт.

Кереге кеңеш “Кыргыз Туусу” гезитинин башкы редактору Алмаз Кулматовдун модерациясында, президенттин администрациясынын маалыматтык саясат бөлүмүнүн эксперти Сыягүл Карамандын жана Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын төрагасы Мелис Мураталиев жана куттук сөздөрү жана мамлекеттик тилдин бүгүнкү күндөгү абалы тууралуу баяндамасы менен ачылды.

Иш-чаранын жүрүшүндө Тынчтыкбек Кожобеков Кыргыз Республикасынын медиа мейкиндигинде кыргыз тилинин эрежелеринин жана адабий ченемдеринин сакталышына жүргүзгөн мониторинги тааныштырылып, массалык маалымат каражаттарынын өкүлдөрүнүн текст жазуу, программа алып баруу учурунда кетирген каталары тууралуу сөз болду.

Ал эми Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын Кеңешме органынын мүчөсү, филология илимдерининдоктору, доцент Гүлзада Станалиева ЖМКда мамлекеттин тилдин ордуна орус тилине кирген сөздөрдүн колдонулуш көйгөйүн жана кыргыз тил нормасына дал келбеген каталарды кетирген маселелерди тууралуу маалымат берди.

Иш-чарада катышуучулар арасында талкуу жүргүзүлүп, практикалык мисалдар жана анализдер ортого салынды.

Белгилей кетсек, бул иш-чара – жалпыга маалымдоо каражаттарындагы тилдин абалына баа берүү, сөз маданиятын өнүктүрүү, ЖМК өкүлдөрүнө арналган нускама даярдоо максатын көздөйт.